Суббота, 18 мая

«Боингден» көпчүлүк өлкөлөр баш тартууда

0

Евробиримдик Boeing 737 MAX жана анын модификацияларынын учуусун Эфиопиядагы авиакатастрофанын себептери аныкталганча токтотту. Бул тууралуу 12-мартта Европалык авиациялык коопсуздук боюнча агенттик (EASA) билдирди. «Коопсуздукту камсыз кылуу максатында EASA бүгүн саат 19:00дөн (Москва убактысы боюнча 22:00) тартып күчүнө кире турган директива чыгарды. Ага ылайык, Европанын аймагында Boing 737-8 MAX жана 737-9 MAX моделдериндеги самолёттордун баардык авиациялык операцияларына тыюу салынат «, — деп айтылат маалыматта. Мындан тышкары агенттик европалык эмес авиакомпаниялардын авиапарктарына таандык бул модификациялардагы лайнерлер үчүн да аба мейкиндигин жабуу чечимин чыгарды. Азыркы учурда Boeing 737 MAX жана анын модификацияларынын учуусун токтотуу боюнча бир нече авиакомпаниялар, туроператорлор жана мамлекеттер билдиришти.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз