Суббота, 18 мая

Орусияда чет өлкөлүк студенттердин жумушка орношуусуна жаңы эреже киргизилди

0

Орусияда чет өлкөлүк студенттер үчүн окуу убагында иштөөгө уруксат берилди. Бул тууралуу аталган мамлекеттин Илим жана жогорку билим берүү министрлигинин сайтында жазылган.

Билдирмеге караганда, аталган мыйзам күчүнө жакында эле кирген.

Ага ылайык, эми жумуш берүүчүлөр чет өлкөлүк студенттерди ишке эмгек патенти жок эле ала алышат. Бирок бардыгы иштей бербейт.

Министрлик бул мыйзам мамлекеттик аккредитациясы бар, кесипкөй билим берүү программасы боюнча ЖОЖ же колледждерде такай билим алган студенттерге тиешелүү экенин эскертти.

«Студенттер окуудан сырткары бардык бош убактысында иштей берсе болот. Ал эле эмес ,Орусиядан тышкаркы билим берүү аймактарындагы субъектилерде да жумуш менен алектене алышат», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин чет элдик студенттер (патент менен) каникул учурунда эле өздөрүнүн билим берүү мекемелеринин базаларында гана иштей алышчу.

Жаңы эрежелерге ылайык, эмгек келишимин түзүүдө орусиялык окуу жайынан маалым кат гана жетиштүү болот. Өз кезегинде иш менен камсыз кылган тарап дагы чет элдик жумушчуларды колдонуу жана ишке тартуу боюнча уруксат кагазын алып убара болушпайт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз