Суббота, 18 мая

Машаль: «Израиль арап өлкөлөрүн өз максатында колдонуп келет»

0

Хамас кыймылынын Саясий Кеңешинин жетекчиси Халед Машаль, Израиль «мамилелерди жакшыртуу» деген шылтоо менен арап өлкөлөрүн өз максатында колдонуп келээрин айтты.

Машаль, «Израиль өзүн арап өлкөлөрүнүн өнөктөшү катары көрсөтүп, аймакта өз ордун тапкысы келет. Бирок ал чындыгында арап өлкөлөрүн өзүнүн кызыкчылыгында колдонууну каалайт жана арап өлкөлөрүн өнөктөш катары көрбөйт», — деди,

Хамастын жетекчиси, арап дөйнөсүнүн так ортосунда сионоисттердин болуусу арап биримдигине жана арап дүйнөсүнө коркунуч туудураарын айтты.

Өткөн жумада Израиль менен Бириккен Арап Эмираттары өз ара мамилелерин жакшыртуу боюнча келишим түзгөндүгүн жарыялаган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз