Пятница, 22 ноября

Күзүндө ун менен дары-дармектер таңкыс болобу?

0

Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасынын орун басары Рустам Каракулов, республикалык бюджеттен бөлүнгөн 411 миллион сомдун эсебинен Орусиядан 33 миң тонна буудай сатып алынаарын билдирди.

Мамлекеттик материалдык резервдер фондуата мекендик дыйкандардан дагы 10 миң тонна буудай сатып алат.

Каракулов резервдик фондогу азык-түлүктүн запасы Кыргызстанды камсыздоого жете турганын, Саламаттык сактоо министрлиги менен бирге дары-дармектерди сатып алып, резервге коюу боюнча иш жүрүп жатканын кошумчалады.

Кыргызстанда быйыл коронавирус пандемиясы учурунда негизги тамак-аш продуктулары жана дары-дармектер жетишсиз экени ачыкка чыккан. Сырткы жардамдар аркылуу өкмөт бул тартыштыкты жоюуга аракет кылган. Карантиндин алгачкы мезгилинде ун кескин кымбаттап, кийинчерээк дары-дармектердин баасы жогорулаган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз