Понедельник, 20 мая

Илимпоздор: “Микробдор космосто да жашай алышат”

0

Япон окумуштуулары тарабынан Эл аралык космостук станциянын (ISS) сырткы бетинде жүргүзүлгөн изилдөө, бактериялардын космосто жылдар бою жашай ала тургандыгын аныктады.

Окумуштуулар бул изилдөөнүн космостогу жашоо формаларынын планеталар арасында жер алмаштырышы мүмкүн экендигин көрсөткөнүн айтышты.

Япон окумуштуулары Эл аралык космостук станциянын (ISS) сырткы бетинде үч жылга созулган ‘Tanpopo’ деп аталган эксперимент жүргүзүштү.

Эксперимент учурунда «Deinococcus radiodurans» аттуу бактериянын космосто үч жылга чейин жашай алгандыгы аныкталды.

Изилдөөлөр микробдордун топтолуп Жер менен Марс же ааламдын кайсы бир жеринде жашай аларын жана саякаттай алаарын көрсөтүп турат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз