Понедельник, 20 мая

БУУ Назарбаевге «чемпион» деген наам берди

0

Казахстандын Биринчи президенти — Елбасы Нурсултан Назарбаев – Бириккен улуттар уюму тарабынан «ядролук сыноолордон куткарылган дүйнө үчүн күрөшкөн чемпион» деген наамга татыктуу деп табылды. Бул тууралуу БУУнун Генералдык аасамблеясынын ядролук сыноолорго каршы эл аралык күнгө карата уюштурулган атайын жыйында айтылды.

Буунун өкүлү Лассина Зербо, Назарбаевдин ядролук куралы жок дүйнөнүн түзүлүшүнө кошкон Казакстандын салымы үчүн ушундай наам берүүнү сунуштаган.

Казакстан расмий чечим менен 29-август 1991-жылы Семипалатинск ядердик полигонду жапкан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз