Пятница, 22 ноября

Батыш өлкөлөрү Навальныйды уулады деп орус бийлигин күнөөлөй баштады

0

Германия Федеративдүү Республикасынын өкмөтү Германияда дарыланып жаткан орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын канынан «Новичок» тобуна кирген уунун издери табылганын жарыялады. «Новичок» уусу адамдын нерв системасына зыян келтирип, аны шал кылып, кийинчерээк өлүмгө алып барат.

Германиянын канцлери Ангела Меркелдин басма сөз катчысы, Навальныйдын «Новичок» менен ууланганы тууралу тыянакты Германиянын атайын аскердик лабораториясы чыгарганын 2-сентябрда айтты.

44 жаштагы Навальный 20-августта эртең менен Томск шаарынан Москвага учак менен келатып, кофе ичкен соң өзүн жаман сезип учакта кулап эстен танган. Омскидеги ооруканага жаткырылган Навальный кийинчерээк Берлиндеги «Шарите» ооруканасына жеткирилген.

Навальныйдын тарапкерлери жана аны коштоп жүргөн кишилер алгач эле саясатчы ууландырылганын айтышкан. Бирок орус прокурорлору Навальный туш болгон окуяда кылмыштын белгилери жок экенин маалымдашкан.

Мурда Кремлге каршы чыккан бир канча кишинин да «Новичок» менен ууланганы тастыкталган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз