Франциядагы «Charlie Hebdo» журналы кайрадан Мухаммед пайгамбардын карикатурасын жайрыялады. Журналда «Мухаммед фундаменталисттер менен күрөшөт» деп жазылып, пайгамбардын сүрөтү тартылган.
«Charlie Hebdo» журналынын бул санында мурда «Jyllands-Posten» газетасында чыккан карикатуралар да орун алган.
Мухаммед пайгамбар жөнүндө «Charlie Hebdo» журналы чыгарган карикатураларды эң катуу сындаган өлкө Түркия болду. Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Хами Аксой, Франция бийлиги жана жеке президент Эммануэль Макрон исламга каршы мындай иштерге негиз түзүп жатканын айтты.