Воскресенье, 5 мая

Пандемия. Африкада абал оорлошууда

0

Жаңы тип коронавирустун айынан жалпы дүйнөдө каза болгондордун саны 893 465ке жетти. Бейтап саны 26 миллион 313 580ден ашты.  Айыккандардын саны 19 миллион 384 30дан  жогорулады.

Индияда Ковид  — 19дан каза болгондордун жалпы саны 71 711ге жогорулады. Бейтап саны 4  миллион 208 645 болду.  Делиде күнүмдүк 2,7 миллион жүргүнчү ташыган метро  бейтап санынын өскөнүнө карабастан 169 күндөн кийин кайрадан ачылды.

Россияда  каза болгондордун саны 17 871ге жетип, акыркы бир күндө 5 185 кишиде вирус аныкталып Ковид  —  19 жугузган бейтап саны 1  миллион 30 690го жетти.

Иранда вирустан 22 410 киши каза болгон болсо бейтап саны да 388 810го жогорулады.

Израиль блокадасы астындагы Газа тилкесинде Ковид  — 19дан 8 киши каза болуп, бейтап саны 151ге жетти.

Жалпы Африка материгинде эпидемиядан каза болгондордун саны  31 357ге жетти.  Жалпы материкте вирус жуккан киши саны  1 миллион 305 252ге жогорулады. Коронавирустан эң көп киши каза болгон Түштүк Африкада  14 889 киши каза болгон болсо, Египетте 5 530 киши, Алжирде 1556 киши каза болду. Маврикийде бейтаптардын калбагандыгы, Сейшеллдер менен Эритреяда ушул кезге чейин өлүм — житим отчету келген жок. Бейтап саны  638 517 болгон Түштүк Африкадан кийин 99 863 бейтап саны менен Египет жана 72 394 бейтап менен Марокко келди.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз