Пятница, 17 мая

Партиялардын аркасында орусиялык күч органдарынын кишилери турабы?

0

Орусиялык саясий эксперт Александр Собянин, «сиздерге жакса да жакпаса да бул партиялардын баарынын аркасында орусиялык күч органдарынын кишилери турушат. Түндүктүк партиялардын аркасында да, түштүктүктөрдүн да. Керек болсо, исламчыл делген партиялардын аркасында да булар бар. Бирок бул Россиянын позициясы эмес, бул Орусиядагы белгилүү топтордун – генералдардын, саясатчылардын, полковниктердин, саясат таануучулардын, мамлекеттик жетекчилердин позициясы», — деп айтты.

Собянин Кыргызстандагы бир да партиянын акчаны каяктан тапканын айтып же көрсөтүп бере албастыгын да кошумчалады.

Партиялар сырттан акча алып жатканын айткан Собянин, бирок Кыргызстанга акча эмес, жумуш орундары керек экенин баса белгиледи.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз