Суббота, 18 мая

Орусияда мигранттар үчүн жаңы жоболор киргизилет

0

Орусия бардык мигранттардан манжа издерин алууну пландап жатат. Бул тууралуу өлкөнүн ИИМинин миграция боюнча башкы башкармалыгынын башчысы Валентина Казакова билдирди.

Анын айтымында, мындай жол-жобо РФтин аймагында 30 күндөн ашык жүргөн чет элдик жарандар үчүн киргизилет. Жаңы тартип визасыз кире турган өлкөлөрдөн келген мигранттарга, жогорку квалификациялуу жумушчуларга таасир этет.

«Көптөгөн чет өлкөлүк жарандар РФтин аймагынан чыгарылгандан кийин мекенине барып, аты-жөнүн, жеке маалыматтарды алмаштырып алып кайра келе беришет. Манжалардагы өзгөчөлүктөрдү эч ким алмаштыра албайт. Ошондуктан Орусия Федерациясынын аймагына 30 күндөн ашык мөөнөткө келген бардык чет элдик жарандар дактилоскопия өтүшү керек», — деди Казакова.

Чет элдиктерге ошондой эле сүрөткө түшүү жана медициналык маалымдама милдеттендирилери айтылууда.

ИИМ мындан сырткары кагаздан берилүүчү миграциялык карта электрондук картага алмаштырыларын билдирет. Башка өлкө жарандары документтерин кызмат көрсөтүү порталы аркылуу эле түзө алышат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз