Пятница, 10 мая

Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынын талапкери администрациялык жоопкерчиликке тартылат

0

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынын депутаттыкка талапкери Кылычбек Исамамбетовго “Бузуулар жөнүндө” кодекстин “Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузуу” деген 44-беренесине ылайык айыппул салат. Мындай чечим БШКнын 14-сентябрындагы отурумунда кабыл алынды.

Буга жарандардын биринен түшкөн арыз негиз болгон. Анда “Мекеним Кыргызстан” партиясы коюлган чектөөгө карабастан концерт өткөргөнү, анда ырдаган ырчы кыздын жаш курагы да суроо жаратып жатканы айтылган.

Териштирүү учурунда партиянын өкүлдөрү мындай иш-чара Баетов айылында өткөнү анык экенин, бирок бул тууралуу партия жетекчилигинин кабары болбогонун, жаза чарасын партияга эмес, талапкердин өзүнө колдонуу керектигин айтышты.

Жыйынтыгында БШК талапкерге үгүт эрежесин бузгандыгы үчүн административдик жаза чектөө чечимин чыгарды.

Быйыл коронавирус пандемиясына байланыштуу үгүт учурунда мурдагыдай стадиондордо жана көчөлөрдө концерт, жолугушуу, спорттук иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынган. Дебаттарды өткөрүүгө көбүрөөк убакыт бөлүнгөн.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз