Воскресенье, 19 мая

ТҮРКСОЙ Кыргызстандын элчисине «Айтматов» медалын берди (Фото)

0

ТҮРКСОЙ (TÜRKSOY) Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиевге түрк дүйнөсүнүн маданияты жана искусствосуна кошкон салымы үчүн «Айтматов» медалын берди. Сыйлыкты ТҮРКСОЙ Түрк маданияты уюмунун Генералдык секретары Дүсен Касеинов тапшырды.

Кубанычбек Өмүралиевге ийгиликтерди каалаган Дүсен Касеинов, элчинин ТҮРКСОЙго көрсөткөн колдоосу жана быйыл Анкаранын Кечиөрен районунда Чынгыз Айтматовдун эстелигинин ачылышына кошкон салымы үчүн ыраазычылыгын билдирди. Касеинов Кыргызстандын ТҮРКСОЙдун ишмердүүлүгүнө активдүү катышып жатканын айтты.

ТҮРКСОЙдун жетекчиси элчи Кубанычбек Өмүралиевди 60 жаш курагы менен да куттуктап, Каныбек Иманалиевдин түркчөгө которулуп басылган «Кыргыздар» аттуу китебин белеке берди.

Аземге Кыргызстандын ТҮРКСОЙдогу өкүлү Кожогелди Култегин да катышты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз