Воскресенье, 19 мая

Орусия 21-сентябрдан баштап эл аралык авиакаттамдарын жандандырат

0

Орусия Кыргызстанга, Казакстанга, Беларуссияга жана Түштүк Корея менен аба каттамдарын калыбына келтирет. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар жазышты.

Маалым болгондой, мындай чечимди  Орусиянын коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча Ыкчам штаб кабыл алган.

Ошентип, 21-сентябрдан баштап Казакстан (Нур-Султан), Кыргызстан (Бишкек) жана Беларуссия (Минск) менен эл аралык авиакаттамдарды жандандыруу чечими кабыл алынды. Ал эми 27-сентярдан баштап  Орусиядан Сеулга (Түштүк Корея) аба каттамдар жанданат.

Билдирүүдө “көрсөтүлгөн мамлекеттерге учуулар жумасына бир жолу макулдашуунун негизде жүргүзүлөт” деп белгиленген.

Белгилей кетсек, өлкөлөр ортосундагы аба каттамдар коронавирус инфекциясынын жайылып кетүү коркунучунан улам жаз мезгилинде токтотулган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз