Вторник, 23 апреля

Президент: Кытай биз үчүн чоң рынок

0

Президент Сооронбай Жээнбеков Коомдук телерадиокорпорациянын «Биринчи радиосуна» кезектеги маегинде пандемиянын кесепети менен күрөшүүгө Кытай сыяктуу чет өлкөлөрдөн колдоо алып жатканын айтты. Жээнбковдун маегинин стенограммасында Кыргызстан-Кытай алакасы тууралуу булар айтылат:

Өткөндө Кытайдын тышкы иштер министри Ван И мырзанын бизге жасаган визитинин эң негизги максаты –Кытай тарап биздин стратегиялык өнөктөштүгүбүздү жаңы деңгээлге чыгарууга даярдыгын тастыктады.

Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин мырзанын саламын айтып, атайын кайрылуусун да мага жеткирип, ошол жолугушууда өзү окуп берди.

Пандемиядан кийинки азыркы кырдаалда саясий колдоосун билдирип, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык багыттагы кызматташтыкты өөрчүткөнгө, ошону мындан ары дагы өркүндөткөнгө даяр экендигин айткан экен, Си Цзиньпин мырза ошол өзүнүн катында.

Билесиздер, «Бир алкак — бир жол» платформасы бар. Мына ошол саясаттын алкагындагы бардык, мурда башталган долбоорлорубузду улантып, пандемиядан улам келип чыккан кыйынчылыктарыбызды чечүүгө колдоо көрсөтөрүн дагы тастыктап кетти. Бул дагы биз үчүн ушундай шартта абдан жакшы колдоо деп эсептейм.

Экинчи чоң маселе дагы сүйлөшүлдү. Бул инвесторлордун биздин өлкөдө корголо тургандыгына көңүл буруп, ушунун натыйжасында жаңы инвестицияларды биздин экономикабызга тартууга даярдыгын да айтып кетти.

Билесиздер, Кытай бизге чоң рынок.

Кытай бизге соода-экономикалык карым-катышка, айыл чарба продукциябызды экспорттоого абдан чоң өнөктөш. Биздин таза экологиялык продукциябызга алар кызыкдар. Биз мына ушул багытты күчөтүү ниетибизди билдирдик. Тышкы иштер министри Ван И мырза жардам берели деп, колдоду. Кытайдын жетекчиси Си Цзиньпин мырза ШКУнун саммитине келгенде, маселе коюп, талкуулаганбыз. Кытай бизге чектеш, жакын, ыңгайлуу. Бизден өндүрүлгөн продукцияларды Кытайга — Кашкарга, Синьцзянга алып киргенге ыңгайлуу. «Биздин продукция эл аралык стандартка жооп берет, экологиялык жактан таза» деп, бизде өндүрүлгөн айыл чарба продукцияны тааныштырып, даамын көргөн. Ошондон кийин иш жыла баштады. Биздин дыйкандарыбыз бал, гиляз (черешня), коон, ун, сүт азыктарын — кургак сүт, сыр экспорттоого уруксат алышкан, булар боюнча атайын протоколдорго кол коюлган болчу. Алардын тиешелүү мамлекеттик органдары бизге келип, текшерип, иштей башташты. Пандемия, илдет чыккандан баштап, иштер токтоп калды. Ошолорду тездетели дедик.

Кытайга кургак сүт алып чыгууга 13 ишканабыздын уруксаты бар.

Тиешелүү мамлекеттик органдар Кытайга буурчак, жүзүм, картошка, абрикос, жүгөрү, эт азыктарын жана башка бизде өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларын экспорттоо боюнча сүйлөшүүлөрдү баштаганбыз. Бул боюнча активдүү иш жүрүп жатат. Бул биздин келечектүү маселебиз. Ошону Ван И мырза дагы колдоп, жардам берели деп кетти.

Албетте, Кытай мамлекети менен тышкы карыз маселесин да талкуулабай кое-алган жокпуз. Аны дагы талкууладык. Бул маселени Президент болгондон бери коюп жүргөм.

Билесиз, буга чейин биздин мамлекет эң көп өлчөмдөгү карызды мына ушул Кытайдан алган. Азыр биз төлөө мөөнөтүн узартуу багытында маселени коюп келатабыз.

Дагы бир ири маселе, билесиздер, «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбоору. Ал да дайыма талкууда болчу маселе.

Бул долбоор бизге аба менен суудай керек. Бул долбоорду ишке ашырышыбыз керек. Эмне үчүн дегенде, кечээ илдет чыкканда, пандемия башталганда, чек аралар жабылганда, биз эң оор акыбалда калдык. Бир эле экономика эмес, элибизди тамак-аш, ун менен камсыз кылыш маселеси биринчи орунга чыкты. Темир жол абдан керек экенин дагы бир жолу көрдүк.

Азыр эксперттерибиз иштеп жатышат. Жалпысынан кытай тараптын кызыгуусу бар, бул долбоорго. Темир жол долбооруна катышуу тууралуу Россия менен дагы жогорку деңгээлде сүйлөшкөнбүз. Азыр Россия темир жолдору бул маселе боюнча биздин темир жолдор менен тыгыз иштей башташты. Бул долбоорду Кытай, Кыргызстан жана Өзбекстан Россия менен (3+1 форматында) активдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Буйруса, бул боюнча дагы жылыштар бар.

Жалпылап айтканда, министр Ван И мырза менин кытай коллегам Си Цзиньпин мырзанын атынан эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө даярдыгын билдирүү үчүн учуп келди. Эки өлкө ортосунда эч кандай маселе жок экендигин дагы бир жолу бекемдеп кетти. Жакшы сүйлөшүүлөр болду. Ал сүйлөшүүлөрдө эки мамлекеттин ортосундагы токтоп калган маселелерди кайра жандандыруу боюнча маселелер каралды. Ван И мырза менен сүйлөшүүлөргө канааттандым.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз