Среда, 24 апреля

Бүгүн мамлекеттик тил күнү

0

Бүгүн мамлекеттик тил жөнүндө мыйзам кабыл алгандыгынын 31 жылдыгына карата Мекенибиздин жер-жерлеринде иш-чаралар өткөрүлүп жатат.

Мамлекеттик тил күнү менен президент Сооронбай Жээнбеков да кыргызстандыктарды куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жээнбеков кыргыз тили мамлекеттик тил макамын алган 31 жыл ичинде татаал жана жемиштүү жолду басып өткөнүн белгиледи.

«Ата-бабадан калган улуу мурасыбыз, улутубузду улут кылып келе жаткан куралыбыз — бул мамлекеттик тилибиз. Ал өз ара түшүнүүнүн, улуттук адабияттын гана эмес, мыйзам чыгаруунун жана мамлекеттик башкаруунун тилине айланды. Албетте, мүчүлүштүктөр да жок эмес. Санариптештирүү доорунда эне тилибизди дагы өнүктүрүп, аны илимдин, жаңы технологиялардын тилине айлантуу милдети турат. Кыргыз тилин өлкөдөгү бардык улуттарга орток тил катары жашоо практикасына кеңири жана терең киргизүү — келечек максатыбыз», — деген өлкө башчы.

Ал кыргыз тилинин келечеги кең болушун жана өлкөдө аманчылык, тынччылык болушун каалап өткөн.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз