Пятница, 10 мая

“Манас” университетинин студенттери акысыз интернет менен камсыздалат

0

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректораты студенттерин айына «60 GB» акысыз интернетке туташтырылган симкарталар менен камсыздайт. Бул тууралу КТМУнун Басма сѳз кызматы билдирет.

Жогорку окуу жайларында билим алуу онлайн түрүндө жүрүп жаткандыктан, студенттерди колдоо максатында «Манас» университетинин ректораты тарабынан ушундай чечим кабыл алынган.

Бул чечим студенттерге ай сайын «60 GB» акысыз интернет колдонуп, квота маселеси жаралбастан аралыктан билим алууну улантууга мүмкүнчүлүк берет.

Окуу жайдын студенттери Sim-карталарды 17-23-сентябрь күндөр аралыгында, “Megacom” компаниясынын каалаган филиалынан саат 9:00дон 18:00го чейин алып кетишсе болот. Учурда бардык студенттердин тизмеси аталган компаниянын филиалдарына жиберилген. Sim-карта алуу укугу Кыргызстандын аймактарында болгон бардык студенттерге берилет.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз