Четверг, 2 мая

Резервдеги дарыгерлер COVID-19 боюнча даярдоодон өтүп жатышат

0

Кыргызстандын медициналык академиясында дарыгерлердин резервдик кадрын даярдоо максатында COVID-19 боюнча окутуулар өтүп жатат. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн медиктерге биринчи лекция дистанциондук негизде окулду.

«Лекцияга мугалим-дарыгерлер, ординаторлор жана жогорку курстун студенттери катышып, пандемия боюнча клиникалык протоколдун жаңы версиясын окуп жатышат», — дешти окуу жайдан.

Билим алып жаткандардын бардыгы дарыгерлердин резервине кирет. Алар муктаждык жаралса коронавирус инфекциясы менен күрөшүүгө тартылат. Курска катышкандарга кийин сертификат берилет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз