Бүгүн ооруну жуктуруп алган 175 жаңы учур катталды. Өткөн суткада Кыргызстанда коронавирустан 142 бейтап айыккан. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.
Айыккандар:
Бишкек – 51;
Ош шаары – 5;
Чүй облусу – 12;
Ош облусу – 23;
Талас облусу – 6;
Нарын облусу – 1;
Ысык-Көл облусу – 22;
Жалал-Абад облусу – 10;
Баткен облусу – 12.
Жуктургандар:
Бишкек – 18;
Ош – 22;
Чүй облусу – 5;
Ош облусу – 50;
Талас облусу – 7;
Нарын облусу – 3;
Ысык-Көл облусу – 7;
Жалал-Абад облусу – 22;
Баткен облусу – 41.
Ушуну менен өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 45 932ге жетсе, анын ичинен 42 147си ооруну жеңген. Оорудан каза болгондор 1 063.
Азыркы учурда 643 адам стационарларда дарыланып жатканы айтылды. Ал эми 1 641 киши медициналык жардамды үйлөрүнөн алууда.