Четверг, 21 ноября

Коронавирус менен күрөшүүдө аппаратттар жетиштүүбү?

0

Күз мезгилинин келиши менен эпидемиялык кырдаал кайра курчуй баштады. Коронавирус илдети менен күрөшүүдө өкмөт канчалык деңгээлде даяр экендигин брифингде билдирди. Медициналык жардам жана дары-дармек саясатын уюштуруу башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Нургүл Ибраева маалымдагандай, өлкө боюнча жасалма дем алдыруучу 568 аппарат, 8 миң 328 кычкылтек концентратору бар.

Анын айтымында, Экономика министрлиги менен биргеликте ооруканаларга борборлоштурулган суюк кычкылтек системасы киргизилүүдө.

Ал эми саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев компьютердик томография сатып алуу боюнча тендер жүргүзүлүп жатканын айтат.

«Кыргызстанга 7 томография аппараты келет. Ал жер-жерлерге бөлүштүрүлөт. Ошондой эле Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына жана Улуттук госпиталга да жакында компьютердик томография коюлат», — деп билдирди Үсөнбаев.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз