Пятница, 22 ноября

“Мекеним Кыргызстан” саясий партиясы ыйгарым укуктуу өкүлүн алмаштырды

0

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 30-сентябрдагы отурумунда БШКнын 2-сентябрдагы чечими менен катталган “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынан шайланган ыйгарым укуктуу өкүлдүн каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алды.

Ошондой эле ал ыйгарым укуктуу Т.Токтакуновага берилген №107 каттоо күбөлүгүн жараксыз деп тапты.

БШК Мамытов Нурбек Закирбаевичти “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынан шайланган ыйгарым укуктуу өкүл катары каттады.

 

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз