Воскресенье, 24 ноября

Чет өлкөдөгү мекендештерибиз шайлоого катышууда

0

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына ылайык Бишкек убактысы боюнча 14:00гө карата чет өлкөлөрдөгү шайлоо тилкелеринен 3585 шайлоочу добуш берди. Орусиянын Москва, Санкт-Петербург, Түштүк Сахалин, Владивосток, Красноярск, Новосибирск, Екатеринбург, Якутск, Сургут шаарларында шайлоо тилкелери бар.

Орусияда акыркы маалыматтар боюнча 600 миңдей кыргызстандык миграцияда, алардын ичинен 17 миң шайлоочу катталган.

Мындан тышкары Жапонияда, Түштүк Кореяда, Кытайда, Малайзияда, Индияда, Пакистанда, Казакстанда, Өзбекстанда, Тажикстанда, Азербайжанда, Бириккен Араб Эмираттарында, Түркияда, Германияда, Украинада, Астрияда, Италияда, Францияда, Улуу Британияда жана АКШда да шайлоо тилкелери бар.

Консулдук каттоодон жана биометрикалык текшерүүдөн өткөн кыргызстандыктар добуш берүүдө.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз