Пятница, 17 мая

2-6-класстар кайра эле аралыктан окууну улантышат

0

Өкмөт башчы Кубатбек Боронов 1-октябрда өткөргөн басма сөз жыйынында 6-октябрдан тартып мектептерде 1-класстан 6-класска чейин окуу салттуу түрдө уланарын билдирген. Бирок Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгы менен шаардык санитардык көзөмөл департаменти мектептерди 2-6-класстарга ачууну токтото турарын маалымдашты.

Бишкек шаардык санитардык көзөмөл департаментинин директорунун орун басары Мира Курманова: «Азыр мектептердин ичи муздак, жылуулук бериле элек. Буга кошумча август, сентябрь айларында балдар, өспүрүмдөр арасында коронавирус менен ооругандар катталууда. Мезгилдик сасык тумоо да күчөп жатат. Шаардык билим берүү башкармалыгы менен макулдашып, мектептерди убактылуу ачпай турмак болдук. Окуу качан башталары кырдаалга жараша аныкталат», — деди.

Ал шаардагы мектептер 210%ке толтура болуп, бир класста 50гө чукул бала билим алгандыктан, мектептердин пандемия шартында иштөө алгоритми, санитардык талаптарды аткаруу кыйын болуп жатканын белгиледи.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз