Воскресенье, 19 мая

Курсан Асанов эл тарабына өттү

0

Айрым маалымат каражаттары 6-октябрдан бери ички иштер министрлиги Курсан Асанов менен иштешүүдөн баш тартып, аны министрликтин имаратынан чыгарып коюшканын жазышкан.

Бул маалыматты Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы ырастап, министрликтин жеке курамы башка мамлекеттик органдар сыяктуу эле мыйзамдуу жетекчи катары министрдин кийинки орун басарлары убактылуу иш алып барышын талап кылып жатышканын билдирди. Буга байланыштуу алар өздөрүнүн мүдөөсүн бүгүн, 9-октябрда Курсан Асановдун өзүнө айтып, аны имараттан чыгарып коюшту.

Ички иштер министринин убактылуу милдетин аткаруучу Курсан Асанов милиция менен биргеликте бир дагы саясий күчтөрдү колдобой турганын айтып, эл тарабына өттү.

Асановдун айтымында, ал бул кызматка мурдагы жетекчи Кашкар Жунушалиев кетип калгандыгы үчүн келген.

Министрдин милдетин аткаруучу 13 партиянын лидерлерин бир пикирге келип, тез арада абалды мыйзам талаасына алып келүүгө чакырды.

«Азыр ар кандай кептер тарап жатат, коркунуч дагы деле сакталып турат. Өлкөдө мыйзамсыздык болушун мен каалабайм. Бири Жапаровду колдосо, экинчиси Бабановду үгүттөп жүрөт. Мен эч кимисин колдобойм, карапайым эл тараптамын. Коопсуздук кеңешине дагы барбайм», — деди Асанов.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз