Воскресенье, 12 мая

Бишкекте бүгүндөн баштап өзгөчө абал киргизилди

0

Бүгүн, 9-октябрда, президент Сооронбай Жээнбеков борбор калаага 21-октябрга чейин өзгөчө абал киргизүү боюнча жарлыкка кол койду.

Жарлыкта: «Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабы өткөрүү пункттарын уюштуруу, куралдуу кагылышууларды басуу, мыйзамдуулуктун жана коомдук тартиптин корголушун камсыз кылуу жана жарандарды коргоо үчүн аскер техникасы менен аскердик түзүлүштөрдү киргизсин», — деп айтылат.

Маалыматта жазылгандай, президенттин жарлыгы Конституциянын 64-беренеси, “Өзгөчө абал тууралуу” конституциялык мыйзамдын 3,4,7,8-беренесине ылайык чыгарылган.

Ага ылайык, Бишкек шаарынын аймагында 9-октябрь саат 20:00 – 8:00 аралыгында өзгөчө абал жарыяланды. Өзгөчө абал бүгүндөн тартып, 21-октябрга чейин киргизилет. Бишкек шаарында комендатура түзүлүп, ички иштер министринин милдетин аткаруучу Алмаз Орозалиев Бишкек шаарынын коменданты болуп дайындалды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз