Пятница, 22 ноября

Мыктыбек Абдылдаев өз каалоосу менен отставкага кетти

0

Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланган Мыктыбек Абдылдаев парламенттин кезексиз жыйынында өз каалоосу менен отставкага кеткенин билдирди.

«Мени оор кырдаалда бекитип бердиңиздер, ошондон тарта колумдан келишинче иштедим. Мыйзам боюнча менин отставкамды көңүлгө гана алып коюшуңуздар керек. Менин шайланышым боюнча коомчулукта ар кандай пикирлер айтылып жатат. Ошондуктан мен кызматтан кетүүнү чечтим» — деди Абдылдаев.

Ал жыйынга жетекчилик кылууну вице-спикер Мирлан Бакировго өткөрүп берди.

«Ала-Арча» резиденцисында парламенттин чукул жыйыны уланып жатат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз