Пятница, 17 мая

Темирлан Султанбеков, Фарид Ниязов, Курсан Асановдун иши боюнча соттун чечими чыкты

0

5-9-октябрдагы Бишкектеги массалык башаламандыктарга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында 10-октябрда кармалган «Социал-демократтар» партиясынын мүчөсү Темирлан Султанбеков, президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов 10-декабрга чейин камакка алынды. Мындай чечимди 12-октябрда Биринчи Май райондук соту чыгарды. Чечимге ылайык Курсан Асанов УКМКнын тергөө абагында, калгандары Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалышат.

Султанбековдун адвокаты Чынара Жакыпбекованын билдирген маалыматы боюнча, Темирлан Султанбековго “5-9-октябрдагы массалык башаламандыкты уюштуруучу” катары айып тагылган. Адвокат сот чечиминин үстүнөн кийинки инстанцияга даттанаарын айтты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз