Пятница, 17 мая

Бүгүн Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынына катышат

0

Бүгүнкү Жогорку Кеңештин кезексиз жыйына президент Сооронбай Жээнбеков менен өкмөт башчы Садыр Жапаров катышат.

Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өтөт.

Бүгүнкү кезексиз жыйындын күн тартибинде үч маселе турат: депутаттык мандатын кайтарган Өмүрбек Текебаевдин ант берүүсү, президенттин кызматтын кетүүсү жана президенттин кызматынан кетип жатканын байланыштуу анын милдеттерин ким аткарары каралат.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүнкү жыйында Жээнбеков Жогорку Кеңештин алдына чыгып, сөз сүйлөйт.

Эскерте кетсек кечээ, 15-октябрь күнү президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетүү тууралуу чечим кабыл алганын билдирген. Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдын 15-октябрында президент болуп шайланган.

Президент кызматтан кеткенден кийин  анын милдеттери Жогорку Кеңештин төрагасына өтөт. Төрага президенттин милдеттерин аткара албаган учурда президенттин милдетин аткаруучу болуп өкмөт башчы дайындалат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз