Суббота, 11 мая

Армения менен Азербайжанга Европа Биримдигинен чакырык

0

Европа Биримдигинин  Эл аралык иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жосеф Боррелл Азербайжан менен Армениядан ок атышпоо режимин сактоону суранды.

Боррелл Тоолуу Карабахтагы кырдаалга байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Азербайжан менен Армениянын ортосунда кечээ кечинде башталган ок атышпоо келишимине ыраазы экендигин билдирди. Бирок, Боррелл Тоолуу Карабахта ок атышпоо режиминин бузулушунун жана кагылышуулардан улам жарандардын жапа чеккени өкүнүчтүү экендигин билдирди.

Боррел билдирүүсүндө : «Тоолуу Карабахта калк буга чейин бир топ кыйналды. Кагылышуу кенен жана кабыл алынгыс жарандык жоготууларга себеп болду. ​​ Европа Биримдиги булагы эмне болсо болсун мындай кол салууларды айыптайт»,- деди.

Боррелл Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов жана Армениянын тышкы иштер министри Зохраб Мнацаканян менен телефон аркылуу сүйлөшүп, ок атышпоо режиминин шартсыз жана сөзсүз аткарылышы керектигин билдирди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз