Воскресенье, 19 мая

Бүгүн коронавирус дагы 538 адамдан табылды

0

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 538 адамдан табылып, 2 адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, коронавирусту Бишкекте — 139, Ош шаарында — 23, Чүй облусунда — 40, Ош облусунда — 52, Талас облусунда — 25, Нарын облусунда 17, Ысык-Көл облусунда — 31, Жалал-Абад облусунда — 86, Баткен облусунда — 125 адам жуктуруп алган.

Аталган илдеттен жалпы 48 миң 637 адам айыкса, 57 миң 276 киши ооруга кабылган.

Коронавирустан 1 миң 138 жаран көз жумган.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз