Суббота, 18 мая

Адахан Мадумаров президенттик шайлоого катышат

0

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров президенттик шайлоого катышарын жарыялады. Бул тууралуу ал 30-октябрда Бишкекте өткөн пресс-конференцияда маалымдап, партиянын атынан эмес, жеке адам катары талапкерлигин коюп жатканын, жазган арызын Боршайкомго бүгүн тапшырарын айтты:

“Бул партиянын көрсөтүүсү эмес, мен жеке кыргыз жараны катары талапкерлигимди көрсөтүп жатам. Себеби Кыргыз Республикасынын президенти бир да саясий партиянын же топтун, кызыкчылыгы бар класстын мүчөсү болбой, бүтүндөй өлкөнүн кызыкчылыгын коргогон, бардык топтордун кызыкчылыгын коргогон инсан болуусу зарыл”.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону келерки жылдын 10-январына белгилеген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз