Вторник, 7 мая

Экс-министр Каныбек Исаков дүйнө салды

0

Мурдагы билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу маалыматты анын жакындары тастыктады.

Маалыматтарга караганда, 51 жаштагы Каныбек Исаков коронавирус жугузуп алгандан кийин пневмония диагнозу менен ооруканада жаткан.

Исаков 1969-жылы 4-июнда Ош облусунун Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айылында туулган. 1993-жылдан тарта ОшМУда эмгектенип, 2011-2019-жылдары окуу жайды жетектеген.

Былтыркы жылдын 11-сентябрынан тарта октябрь окуяларына чейин КР билим берүү жана илим министри болуп эмгектенген.

Исаков 2011-жылы докторлук диссертациясын жактаган. Филология илимдеринин доктору, профессор. Көп сандаган монографиялардын, илимий иштердин жана публицистикалык макалалардын автору болгон.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз