Пятница, 17 мая

Садыр Жапаров кызматтан кетти

0

Садыр Жапаров президенттик шайлоого талапкерлигин коюуга арыз берүү үчүн кызматтан кетти.

Президенттиктин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө ылайык, президенттикке талапкерлигин койгон Жапаров премьер-министрдин кызматын биринчи вице-премьер-министр Артем Новиковго өткөрүп берди.

Конституцияга ылайык, Жапаров аркалаган президенттин ыйгарым укуктары Жогорку Кеңештин  төрагасы Талант Мамытовго өткөрүлүп берилди.

Мамытов өзүнүн элге кайрылуусунда, анын негизги милдети — 2021-жылдын 10-январына белгиленген президенттик шайлоодо бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүү экенин айтты.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өткөрүлөт. БШКнын маалыматы боюнча алдыдагы шайлоого 63 адам талапкерлигин көрсөткөн.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз