Четверг, 25 апреля

Макрон имамдарга ультиматум койду

0

Франциянын президенти Эммануэль Макрон мусулман лидерлерин исламизмге каршы туруу үчүн Республикалык Баалуулуктардын Уставын кабыл алууга чакырды.

Елисей сарайы кабарлагандай, Макрон 18-ноябрда Мусулмандардын Кеңешинин өкүлдөрү менен жолугушуп аларга уставды кабыл алууга 15 күн убакыт берди. Француз лидеринин айтуусунда документте республикалык баалуулуктар көрсөтүлүп, ислам дини болсо саясий кыймыл эмес, диндердин бири катары көрсөтүлүшү керек. Мындан сырткары, француз мусулман коомчулугунун иш аракеттерине чет элдик күчтөрдүн кийгилишүүсүнө тыюу салынат.

Өз учурунда Мусулман Коомчулугунун Кеңеши Мамлекеттик Имамдар Кеңешин, башкача айтканда Франциядагы имамдарды сертификациядан өткөрүүчү атайын органды түзүүсү зарыл. Аталган орган мусулман коомчулугунун кызматкерлеринин иш-аракеттери уставга туура келбесе алардын сертификатын чакыртып алууга укуктуу.

Кеңешке Франциядагы мусулмандардын 9 федерациясы кирет. Елисей сарайынын маалыматына караганда алардын үчөөсүнүн республикалык көз-карашка ээ эмес.

Жолугушууда Макрон мындан сырткары мусулмандардын радикалдашуусун токтотуу үчүн исламизм менен күрөшүүдө жаңы мыйзам долбоорунун кабыл алынаарын кабарлады. Бул документте диний түшүнүк менен башкаларга коркунуч жараткан балдарды жазалоо жана аларды үйдө окутуу чектөөлөрү каралган. Мыйзамдын Франциянын министрлер кабинетинде 9-декабарда карала тургандыгы күтүлүүдө.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз