Пятница, 17 мая

Иракта террористтердин курманы болгон 50 адамдын көрүстөнү табылды

0

Ирактын түндүгүндөгү Киркук провинциясында 50дөн кем эмес жапырт көмүлгөн мүрзө табылды.

Бул тууралуу Киркук боюнча Ирактын Куралдуу Күчтөрүнүн командири генерал Саад Харбийе билдирди.

Анын айтуусунда мүрзө Ирактын федералдык полициясынын жүргүзгөн операциясы учурунда Хавиджа районунун Ар-Рашад жергесинде табылган.

Учурда сөөктөрдү алып чыгуу жана өлтүрүлгөндөрдүн өздүгүн аныктоо иштери жүргүзүлүп жатат. Бийликтин пикири боюнча жай тургундарды өлтүрүүнүн артында ДАЕШ террористтери турат.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз