Вторник, 7 мая

Өмүрбек Текебаев депутаттык мандатынан ажыратылды

0

Бишкек шаарынын административдик соту Борбордук шайлоо комиссиясы Өмүрбек Текебаевге депутаттык мандатын мыйзамсыз кайтарып берген деп өкүм чыгарды. Бул тууралуу Жогорку соттон билдиришти.

Бул өкүмдүн негизинде Текебаевден кайрадан депутаттык мандаты алынды жана мындан ары Жогорку Кеңештин жыйындарына катыша албайт.

Буга чейин Темирлан Ормуков административдик сотко кайрылып, БШКнын Текебаевдин депутаттык мандатын кайтарып берүү жөнүндө арызын канааттандырганын мыйзамсыз деп табууну суранганы айтылган.

Текебаев депутаттык мандатын 15-октябрда алган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз