Четверг, 9 мая

Конституцияны кимдер жазган?

0

Садыр Жапаров кечээ, 23-ноябрда 7-каналга түз эфирде маек берди. Маек учурунда Жапаров убадалагандай эле Конституциянын авторлорун атады.

“Конституциянын долбоорун мен жазган эмесмин. Анын авторлору 20га жакын адам. Алардын катарында Бекбосун Бөрүбашев, Кадыр Кошалиев, Баяс Турал, Азимбек Бекназаров бар. Долбоор акыркы 10 жылдан бери талкууланып келет. Мен эки гана сунуш киргиздим: президент менен өкмөттүн ыйгарым укуктарын бириктирүү, ошондой эле элдик курултай жөнүндө », – дейт Садыр Жапаров.

Анын айтымында, учурдагы Конституция ага диктатура орнотууга бардык укуктарды берет.

«Өмүрбек Текебаев өзүнүн кызыкчылыгы үчүн жазган азыркы Конституцияга ылайык, президент көптөгөн ыйгарым укуктарга ээ. Биздин көйгөйлөрүбүз ушул Негизги Мыйзамга байланыштуу. Жеңишке жетишкен партиялар бийликти бөлүшүп, өз адамдарын бардык жерге жайгаштырышат. Мен саясий реформаны жүргүзүп, бардыгын нөлдөн баштайын дегем », – дейт ал.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз