Пятница, 20 сентября

Орусияда блогерлер эми сот жообуна тартылат

0

Социалдык тармакта ката кетирдиңби – дароо аны жокко чыгарган билдирүү жаз. Антпесең айып төлөйсүң.
Жаңы практика: соттор жарандарды соцтармактардагы барактарында өздөрүнүн постторуна каршы пикир жазууга мажбурлай башташты. Албетте, эгер ошол постто ката кеткен болсо.
Мындан ары бир эле журналисттер өз сөзүнө жооп бербейт,  сот жалган маалымат жазган блогерлерди да өз сөзүн төгүндөөгө мажбурлай алат.
Мыйзам боюнча өз сөзүн төгүндөөнү ММКдан башкалардан да талап кылууга болот. Демек, жалган жалаа жапкан же калпты жазган бардык жарандарга доомат койсо болот. Бирок жакынкы мезгилге чейин ал эреже иштеген эмес, себеби катардагы блогерди айткан сөзүн жокко чыгарууга мажбурлоо өтө кыйын болгон. Ал эми өткөн жылдын соңунда Административдик эреже бузууларга жана Кылмыш кодекстерине киргизилген түзөтүүлөргө ылайык, жалган же жалаа жапкан маалыматты жокко чыгаруудан баш тарткандарды жазалоого жол ачты.
Жалган маалымат жарыялагандыгын моюнга алган алгачкы кечирим сураган учурлар каттала баштады. Мисалы, “Россия гезитинин” билдирүүсүндө, Россиянын сот приставдарынын Федералдык кызматы тарабынан алгачкы ирет Коми Республикасында мындай соттук чечим аткарылды.
Сосногорск шаары боюнча сот приставынын карамагында аткарууга берилген иш жаткан.
Анда В. аттуу жарандын абактагы абал тууралуу чындыкка дал келбеген маалыматын жокко чыгаруу милдеттендирилген.
Көп өтпөй ал адам өзүнүн баракчасына баласы жаза мөөнөтүн өтөп жаткан абактагы шарт боюнча видео жарыялаган. Анын айтуусунда, эркинен ажыратылгандарды абак кызматкерлери дайыма уруп-сабап, жалгыз камерага которуп, медициналык жардам алуусуна уруксат берген эмес.
Коми Республикасынын Жазаларды аткаруу башкармалыгы жарандын бул билдирүүсүнө жооп кайтаруу үчүн атайын кызматтык комиссия түзгөн. Натыйжада видеороликте айтылган жагдайлар далилденген эмес.
Андан соң колония сотко кайрылган. Кырдаалды кылдат иликтеп чыккан сот роликтин авторунун айыптоолору ашкере көбүртүп-жабыртуу жана далилисиз деген тыянак чыгарган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз