Суббота, 27 апреля

Орусия Кыргызстандагы социалдык жактан муктаж 125 миң үй-бүлөгө азык-түлүктөн жардам берет

0

Орусия өлкөгө 9 миң тоннадай тамак-аш жөнөтөт. Аз камсыз болгон үй-бүлө алты мүшөк ун жана жыйырма литр өсүмдүк майын алмакчы.

Орусия Кыргызстандагы социалдык жактан муктаж 125 миң үй-бүлөгө азык-түлүктөн жардам берет. Бул тууралуу БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы директору Андреа Баньоли билдирди.

Буга чейин Орусия өлкөгө 9 миң тоннадай тамак-аш жөнөтөрү айтылган болчу.

«Учурда дүйнө жүзү коронавирус пандемиясына кабылганда мындай колдоо өзгөчө мааниге ээ. Россиянын 8 миллион долларлык каржылоосу менен алыскы айылдарда жакырчылыкта жашаган 125 миң адам 9 миң тоннага жакын азык-түлүк жардамын ала алышат. Жашоочуларга ун жана өсүмдүк майы берилет», — деген Баньоли.

Мындай жардам социалдык жумушту аткаргандарга берилет. БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын долбоордук бөлүмүнүн башчысы Кыялбек Темишевдин айтымында, алгач айыл тургундары жолугушуп, абалды жакшыртууну сүйлөшүшөт.

«Маселен, жер көчкүнү алдын алуу үчүн токой бактарын тигүү керек болсо, айыл өкмөтү социалдык жумушчулардын жардамы менен аз камсыз үй-бүлөдөгү ыктыярчылардын тизмесин түзөт. Жумушчулар долбоор бүткөндөн кийин 6 мүшөктөн ун жана 30 литрден май алышат», — деди Темишев.

Ошондой эле ал Орусия Федерациясы республиканын азык-түлүк коопсуздугун чыңдоо боюнча дагы башка долбоорлорду каржылоону улантарын кошумчалады.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз