Пятница, 20 сентября

АКШ Сириядан армиясын чыгарып кете элек

0

Учурда Сириянын аймагында 2 миңге чейин америкалык аскерлер бар.
АКШ азыркы учурга чейин Сириядан өзүнүн аскерлерин чыгарып кетүүнү баштай элек. Бирок бул процесс марттын ортосунда башталыш керек болчу.
АКШ президенти Дональд Трамп 2018-жылы декабрда ДЕАШ террорчулары менен күрөшүү аяктады деп билдирген. Андан тышкары Трамп улуттук коопсуздук маселеси боюнча кеңешчилеринин таасири астында АКШ Сириядагы аскерлерин акырындык менен чыгарып кете тургандыгын кошумчалаган. Анткен менен Ак үй Сириядагы америкалык контингенттин кантип чыгарыларын жана мөөнөтүн ачыктаган эмес.
11-февралда АКШ куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгынын башчысы генерал Джозеф Вотел америкалык армиянын Сириядан чыгарылышы жакынкы жумаларда башталарын билдирген. Генерал бул багыттагы алгачкы кадамдар марттын ортосунан кем эмес мөөнөттө башталарын баса белгилеген.
22-февралда Пентагондун өкүлү майор Шон Робертсон Кошмо Штаттар Сириянын түндүк-чыгышында бир нече жүз өз жоокерлерин эл аралык күчтөрдүн курамында калтыра тургандыгын маалымдаган. Мындан тышкары, америкалык жоокерлер Сириянын түштүгүндөгү Эль-Танф базасында да кала бермекчи.
Сириядагы маалыматы бар булактардын билдирүүсүндө, АКШ алиге чейин бул өлкөдөн Вотел айткан мөөнөт бүтүп бараткандыгына карабастан, өз контингентин чыгарууну баштай элек.
Тескерисинче АКШ эки ирет – февралдын башында жана аягында Сириядагы YPG/PKK көзөмөлү астындагы районго 300 фура аскердик техникасын жөнөткөн.
4-февралда Хараб Ишк жана Сыррин райондорундагы кампаларга бронетехника, генераторлор жана курулуш техникалары жеткирилгендиги маалымдалууда.
Кийинчерээк америкалык бийликтин өкүлдөрү Сириядагы YPG/PKKны колдоо ниети бар экендигин билдирген.
АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 20-февралда АКШ ДЕАШ менен күрөшүүнү улантып, жергиликтүү күчтөр менен кызматташа тургандыгын айткан. Ал жергиликтүү күч катары YPG/PKKны эсептейт.
12-мартта Пентагондун 2019-каржылык жылынын долбоорунда «Сириялык демкүчтөрдү» (СДС, өзөгүн PYD/PKK жоочулары түзөт) окутууга жана Сириядагы «чек араны коргоо боюнча күчтөрдү» даярдоого 550 млн. доллар каралгандыгы белгилүү болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз