Понедельник, 20 мая

Мусулмандарды COVID-19 вакцинасы кооптондурууда

0

Ислам дин кызматкерлери жана теологдор коронавируска каршы вакцинанын исламдын нормаларына жооп береринен тынчсызданышууда.

Себеби, көпчүлүк вакциналарды даярдоодо стабилизатор катары желатин колдонулат. Ал эми желатин болсо жаныбарлардын тутумдаштыргыч тканынан, көбүнчө чочконун тканынан алынат. Дал ушул желатин вакциналарды сактоодо жана ташууда алардын эффективдүүлүгүн сактайт.

Британия ислам медицинасынын башкы секретары Салман Вакардын айтуусунда кээ бир фармкомпаниялар көп жылдан бери чочконун кошулмалары жок вакциналарды өндүрүүнүн үстүнөн иштеп келе жатышат. “Талаптын жогору болушуна жана тез жеткирүү убактысына байланыштуу кыязы, дал ушул арзан, жеткиликтүү чочко желатини жакынкы аралыкта коронавируска каршы вакцинаны өндүрүүдө колдонула тургандай” – дейт Вакар.

Фармацевтикалык дөөлөр Pfizer, Moderna жана AstraZenecaнын өкүлдөрү алардын вакциналарында чочконун кошулмасы жок экендигин билдиришкен. Бирок вируска каршы вакциналарды бир эле бул компаниялар өндүрбөйт. Вакцина үстүндө башка компаниялар да иштөөдө. Бул маселе дин өкүлдөрүндө тынчсыздануу жаратууда.

Кээ бир мусулман өлкөлөрүндө бийлик  COVID-19дун вакциналарын сатып алууда жана сертификат берүүдө комиссиянын курамына диний лидерлерди кошо тургандыгын жарыялашты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз