Жалал-Абад шаарындагы Кадыржан Батыровдун бала бакчасы муниципалдык менчикке өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Белгилей кетсек, буга чейин Батыровго таандык болгон бала бакча шаардык мэриянын карамагына өтө тургандыгы кабарланган болчу. Бул боюнча өкмөттүн 30-ноябрдагы №582 токтому чыккан.
“Элдик” мамлекеттик ишканасы 200дөн ашуун жеткинчек тарбияланган бала бакчаны 2016-жылы «Нур-Билим ордосу» ЖЧКга 10 жылга ижарага берген.
«Ижарачылар болсо анын ичиндеги бир миллион сомдук буюм-тайымдарды чыгарып кетип, 6 миллион сомдой зыян келтирилген», — дейт «Элдик» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Алексей Апиев.
Бала бакчаны талап-тоноду деген «Нур-Билим ордосу» ЖЧКнын жетекчиси Каныбек Өскөнбаев өзүнө коюлган дооматтарга макул эмес. Ал «Элдик» ишканасы мүлктүн баарын чыгарып кетип, айыпты оодара салганын айтат.
Ал эми Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков аталган бала бакча менен таанышып, келерки жылдан тартып аны пайдаланууга берилет деген пикирин билдирди.
Бала бакчанын таланып-тонолушу боюнча УКМК ноябрь айында «Алдамчылык» беренеси менен сотко чейинки териштирүү башталып, учурда Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.