Кыргызстанда бир суткада коронавирус 189 адамдан табылып, бир бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус – 65 адамдан, Чүй облусунда – 63, Талас облусунда – 3, Нарын облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 24, Жалал-Абад облусунда – 10, Баткен облусунда 8 кишиден табылган.
Ошол эле учурда 290 адам коронавирустан айыгып чыккан.
Акыркы күн ичинде COVID-19 илдетинен бир адам каза болгон: Бишкекте бир киши.
Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 165 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 791 бейтап дарыланууда.
“Бир күн ичинде өлкө боюнча 4 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Үй шартынан 6, стационардан 3 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 4 миң 112 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 3 миң 910 медкызматкер айыгып чыкты”, — деп билдирет штаб.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 80 миң 843 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 75 миң 624 киши айыгып чыкса, 1 миң 354 адам каза болду.