Пятница, 10 мая

УКМК: Бишкек шаардык мэринин мурдагы орун басары кармалды

0

Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри Мирлан Амантуров коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Ал шаар жетекчисинин турак жай-коммуналдык чарба боюнча орун басары болгон.

«Бишкек асфальт сервис» ишканасында жана Бишкек мэриясында болгон коррупциялык схемалар аныкталды. Тагыраагы, жолдорду куруу боюнча мамлекеттик сатып алуулар маалында шектүүгө тааныштыгы бар компанияларга артыкчылык берилген», — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Иликтөө маалында 2015-2019-жылдар аралыгында А.М.К. колдогон компанияларга 100 миллион сомдук муниципалдык заказдар берилгени белгилүү болгон. Бирок жумуштар толук көлөмдө аткарылган эмес.

Шектүү 29-декабрда кармалып, УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз