Суббота, 27 апреля

Сегизбаев камакка алынды

0

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевди «Белизгейт» фактысы боюнча камакка алды. Сегизбаев 10-январдагы президенттик шайлоодо талапкер болгон эле.

Башкы прокуратуранын 25-январдагы маалыматында УКМК менен Аскер прокуратурасынын биргелешкен иликтөөсүндө Сегизбаевдин күнөөлүү экени боюнча далилдер табылганы айтылат. Буга байланыштуу Сегизбаев Кылмыш-жазык кодексинин 98-беренесинин негизинде кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз