Пятница, 26 апреля

Аида Исмаилова Финполго суракка келди

0

Бүгүн, 26-январда экс-вице-премьер-министр Аида Исмаилова Финансы полициясына суракка келди.

Белгилүү болгондой, Аида Исмаилова 9:30да суракка чакырылганы кабарланган.

Белгилей кетсек, ал Кыргызстандагы коронавирус пандемиясы учурунда гуманитардык жардамдын таркатылышын иликтөөнүн алкагында суракка чакырылган.

Коронавирус пандемиясы учурунда Кыргызстанга гуманитардык жардам жеткирүү боюнча мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында мурдагы саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев шектүү катары өтүүдө.  Бул иш боюнча күбө катары экс-премьер-министрлер Мухаммедкалый Абылгазиев, Кубатбек Боронов дагы күбө катары суракка чакырылган.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз