Суббота, 18 мая

Орусия «Спутник V» вакцинасын Кыргызстанда чыгарууга даяр

0

Орусия коронавируска каршы «Спутник V» вакцинасын Кыргызстандын аймагында чыгарууга даяр. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев билдирди.

Анын айтымында, кыргыз делегациясы Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин отурумуна катышуу үчүн Москва шаарына барып, Орусиянын өкмөт мүчөлөрү жана инвесторлор менен жолуккан. Жыйын учурунда Владимир Путин Орусия ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүндө вакцина өндүрүшүн ачууга даяр экендигин айткан. Андан кийин муну Орусиянын өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров дагы ырастаган.

«Эгерде Кыргызстан техникалык мүмкүнчүлүктөрү, тиешелүү шаймандары бар компанияны аныктаса, анда Орусия комиссия жиберип, чечим кабыл алууга даяр экенин билдирди», – деди Сагынбаев.

Вакцина өндүрүүчү компанияны Орусиянын Өнөр жай жана соода министрлиги тандайт. Талапкерлерди Кыргызстандын Мамлекеттик өнөр жай комитети сунуштайт. Айрым талапкер болгон компаниялар буга чейин министрлик менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Каржы маселелерин Орусиянын Өнөр жай жана соода министрлиги жана компания чечет, ал эми кыргыз өкмөтү шарт түзүп бериши керек.

Сагынбаев вакцинаны өндүрүү препараттын жеткиликтүүлүгүн гана камсыз кылбастан, жумуш орундары менен камсыз кыларын, ошондой эле вакцина өндүрүү жаатындагы өлкөдө алгачкы тажрыйба болоорун белгилеген.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз