Воскресенье, 5 мая

Баш мыйзамдын долбоору боюнча депутаттардын саны кыскарды

0

Сунушталып жаткан Баш мыйзамдын долбоору боюнча парламенттеги депутаттардын саны 90 киши болду. Бирок долбоордо парламенттин шайлоо системасы көрсөтүлгөн жок. Бул тууралуу Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча иштеп жаткан Конституциялык кеңешменин жыйынында айтылды. Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев мындай деди:

«Жогорку Кеңештеги депутаттардын саны 90 киши болду. Шайлоо системасы кандай болот — аны көрсөткөн жокпуз. Аны Жогорку Кеңештин эркине бердик».

Буга чейин парламентке партиялык тизме жана бир мандаттуу (аралаш) система аркылуу шайлоо сунуштары айтылып келаткан.

Азыр иштеп жаткан Конституция боюнча парламенттеги эл өкүлдөрүнүн саны — 120 адам. Алар партиялык система менен шайланып келет.

Бишкекте Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча иштеп жаткан Конституциялык кеңешме кезектеги жыйынын өткөрүп жатат. Конституциялык кеңешме Баш мыйзамдын долбоорунун биринчи варианты иштелип чыкканын былтыр 11-декабрда кабарлаган. Кеңешме долбоордун акыркы варианты иштелип чыккан соң аны Жогорку Кеңешке жиберүүгө тийиш. Андан кийин парламент аны референдумга алып чыгуу боюнча демилге көтөрүшү мүмкүн.

Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум быйыл апрель айында жергиликтүү кеңештерге шайлоо менен кошо өткөрүлүшү ыктымал экенин билдирген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз