Суббота, 11 мая

УКМК экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди кармады

0

Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коррупцияга жана мыйзамсыз баюуга шектүү катары кармалды. Бул тууралуу 27-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады.

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Абылгазиев өкмөт башчы болуп турганда мыйзамдарды бузуп, «Кумтөр Голд Компани» ишканасына геологиялык чалгындоо жана алтын казуу иштерин жүргүзүүгө кошумча жер бөлүп берүүчү токтомго кол койгон. Натыйжада, кендин жалпы аймагы эки эседен ашуун көбөйүп, мөңгүлөрдү жана корукту кошкондо 26,3 миң гектар түзүп калган.

Атайын кызмат белгилегендей, бул токтом кабыл алынып жаткан кезде аталган кендин аймагын кеңейтүүгө тыюу салган токтом күчүндө болчу.

Ал мамлекеттик кызматта иштеп турган чагында активдери кескин көбөйүп, расмий түрдө тапкан кирешесинен бир нече эсеге көп чыкканы айтылат.

«Кирешесин адалдаштарыуу максатында Бишкек шаарынан жана Чүй, Ысык-Көл облустарынан кымбат баалуу кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрдү сатып алган. Ошондой эле элиталык көп кабаттуу үйлөрдү куруу тармагына акчасын салган. Кылмыш жоопкерчилигинен качуу үчүн аталган активдерин ортомчу адамдарга каттаган», — деп айтылат маалыматта.

Абылгазиев кечээ, 26-январда, УКМКга сурак бергенден кийин кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө жүрүп жатат.

 

 

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз