Четверг, 2 мая

Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү Баш мыйзамдын жаңы долбоорун жактырды

0

Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү Баш мыйзамдын жаңы долбоорун жактырды. Бул тууралуу Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев маалымдады.

Кеңешме эми долбоорго алымча-кошумчаларды киргизип, аны Жогорку Кеңешке жиберет. Ал эгерде референдумда өтүп кетсе президент аткаруу бийлигин өз колуна алат, башкы прокурорду, судьяларды дайындайт, мыйзам чыгаруу укугуна да ээ болот. Жыл сайын ишмердүүлугү тууралуу маалымат гана берет.

“Көптөгөн сунуштар жана ойлор айтылды. Алардын барын протоколго киргизип, дагы бир-эки күн иштеп, андан соң акыркы вариантты Жогорку Кеңешке беребиз. Конституция – бул мамлекеттин негизги документи. Бул абдан чоң жана татаал иш экен, аны татыктуу аткарганга аракет кылдык”, – дейт Бөрүбашев.

Бөрүбашев өз сөзүндө Конституциялык кеңешменин 67 мүчөсү Баш мыйзамдын жаңы долбоорун колдоп, өз добуштарын бергендигин кошумчалады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз